Вице-премьерлик кызматка Санжар Муканбетовдун талапкерлиги каралат

Жогорку Кеңеш.

Санжар Муканбетовду вице-премьер-министрлик кызматка өкмөт башчы Сапар Исаков сунуш кылган.

Бүгүн анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети карайт.

Муканбетов ушу тапта Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматты жетектейт. Ал Улуттук банктын жетекчиси болуп дайындалган Толкунбек Абдыгуловдун ордуна көрсөтүлүүдө.