Алар Олимп оюндарына катышууга тыюу салуу тууралуу чечимди жокко чыгарууну өтүнүшкөн. Бул тууралуу Швейцарияда жайгашкан Спорт иштери боюнча арбитраждык сот билдирди. Маалыматка караганда, орус спортчуларынын доо арыздары 22-январда каралат. Акыркы чечим айдын аягында кабыл алынмакчы.
Эл аралык Олимпиада комитети Орусия 2014-жылы Сочиде өткөн кышкы Олимп оюндарында "кызытма программасын колдонгон" деген чечим чыгарган.
Бирок канынан кызытма табылбаган орусиялык спортчулардын мелдештерге бейтарап желек менен катышуусуна уруксат берилген.
2018-жылдагы кышкы Олимп оюндары Түштүк Кореяда 9-25-февраль күндөрү өтөт.