Бишкек-Ош жолуна таш кулады

Бишкек-Ош жолу

Бишкек-Ош жолунун 424-чакырымында таш кулап, жолдогу кыймылга тоскоолдук жаралды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолдун Жалал-Абад облусунун Кызыл-Бек айылы туштан көп көлөмдөгү таш кулаган. Жабыркагандар жок. Учурда жол тазаланып жатат. (BkA)