Ош аэропорту коюу тумандан улам учактарды кондурган жок

Ош аэропорту.

“Манас” аэропортунан кабарлашкандай, аба ырайынан улам Москва менен Санкт-Петербургдан келген учактар Ошко коно албай, “Манас” аэропортуна конгон. Мындан сырткары ички каттамдар да убактылуу токтотулду.

Аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам Ош аэропортуна 15-январда 10 сааттан ашык учактар коно алышкан эмес. (BkA)