АКШ - Казакстан: 7 млрд. долларлык келишимдерге кол коюлду

Назарбаев ишкер чөйрө менен жолугушууда. 16-январь, 2017-жыл

Нурсултан Назарбаевдин Кошмо Штаттардагы расмий сапарында ишкер чөйрө менен жолугушуу болуп, анда инвестициялык жана соода-экономикалык 20 келишимге кол коюлду. Анын жалпы суммасы 7 млрд. долларга жакын экенин казак президентинин расмий сайты жазды.

Ак Ордонун билдиргени боюнча, кол коюлган документтер авиация жана космосту изилдөө, нефтехимия жана айыл чарбасы, андан тышкары инфраструктураны өнүктүрүү тармактарын камтыйт.

- Америка казак экономикасына жумшалган түз инвестициялардын көлөмү боюнча экинчи орунда. Эгемендик жылдары сиздердин ишканалар Казакстанга 50 млрд. доллардан ашуун инвестиция салды. Өткөн жылы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода-сатык 2 млрд. долларга жакындады, - деди Назарбаев 16-январдагы жыйында.

Ал ошондой эле Казакстанда америкалыктардын катышуусундагы 500дөй компания иш алып барарын кошумчалады.

Ушул эле күнү Назарбаев АКШ президенти Доналд Трамп менен жолугушуп, экөө көбүнесе эларалык коопсуздук темасын талкуулашты.