Бишкекте Ленинград блокадасынын курмандыктары эскерилет

Төкмө акын Алымкул Үсөнбаев 1943-жылы ленинграддыктар менен.

Мурдагы Ленинград, азыркы Санкт-Петербург шаарынын фашисттик блокададан бошотулушунун 75 жылдыгы белгиленет. Бүгүн, 18-январда Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы паркта бул датага арналып митинг-реквием өтөрүн мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Ага коомдук ишмерлер, согуш ардагерлери жана шаардын жетекчилиги катышат.

Ленинград 1941-жылдын сентябрь айынан тартып фронт-шаарга айланган. Блокада 1944-жылдын 27-январында cоветтик жоокерлер тарабынан талкаланган. Курчоодо калган Ленинграддан 16 миңден ашуун адам Кыргызстанга көчүрүлгөн. Алардын арасында 3,5 миң бала болгон. Жалпысынан бул апаатта 1,5 миллиондой адамдын өмүрү кыйылганы айтылып келет. (КЕ)