26-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызстанда 26-январда айрым жерлерде бир аз кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы: 

Чүй облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -10...-15;

Таласта түнкүсүн -15...-20, күндүз -10...-15;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн - 5...-10, күндүз 0...5;

Баткенде түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -10...-15, -1...-6;

Нарын облусунда түнкүсүн -25...-30,  -15...-20 градус суук болот. 

Бишкекте 26-январда кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн - 18...-20,  күндүз -13...-15 градуска чейин төмөндөйт.