Балыкчы шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиев билдиргендей, каза болгон адам үй-жайсыз жана 65 жашта болгон. Анын сөөгү бүгүн таңга жуук шаардагы Аскер комиссарлыгынын от жаккан жайында табылган.
Балыкчыда суукка байланыштуу жергиликтүү бюджеттен үй-жайы жокторго ысык тамак уюштурууга 31 миң 600 сом бөлүнгөн. Бүгүндөн тартып ысык тамак бериле баштаганы кабарланды. (AsM)