Сооронбай Жээнбековдун Тажикстандагы иш сапары уланат

Сооронбай Жээнбековду премьер-министр Кохир Расулзаде тосуп алган учур. 1-февраль, 2018-жыл.

Бул күнү кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын өкмөт башчысы, спикери менен жолугат. Эки кызматташууну бекемдөө маселеси талкууланат. Мындан кийин Тажикстандын улуттук музейине барат.

Кыргызстандын президенти расмий сапар менен Дүйшөмбүгө 1-февралда барган.

Кечээ кыргыз-тажик президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмамоли Рахмон жолугуп, сүйлөшүү жемиштүү жана жакшы атмосферада болгонун белгилешкен. Алар чек араны делимитациялоо боюнча түзүлгөн кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясына ишти илгерилетүү боюнча тапшырма беришкенин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда соода, экономика, билим берүү, коррупцияга каршы күрөш, саламаттыкты сактоо, маданият жана туризм багытында кызматташуу боюнча бир катар документке кол коюлган. (КЕ)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз-тажик президенттери жолугушту