3-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. 3-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй менен Таласта түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2,
Баткен облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6,
Ош менен Жалал-Абадда түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз -1...+4,
Нарын жергесинде түнкүсүн -17...-22, күндүз -4...-9° болот.
Бишкекте 3-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүзгү 0…2° болот. (ErN)