Бишкекте автоунааларды мыйзамсыз каттагандарга кылмыш иши козголду

Бишкектеги "РИОМ" автоунаа базары.

Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн транспорт каттоо департаментинин бир нече кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, департаменттин кызматкерлери ЕАЭБдин аймагынан сырт өлкөлөрдөн Кыргызстанга ташылып келген кымбат баадагы автоунааларды каттоодо мыйзам бузууга жол беришкен.

Тагыраагы “Лексус LX570”, “Мерседес-Бенц GL500” жана “Мерседес-Бенц ML63 AMG” үлгүсүндөгү транспорттордон бажы төлөмдөрү керектүү өлчөмдө алынган эмес. Натыйжада мамлекетке 4 миллион сомдой каражат түшпөй калган.

Кызматкерлерге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-пункту ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 350-беренесинин 1-3-пункту ("Жалган документтерди даярдоо") боюнча айып тагылууда. Факты боюнча тергөө иштери уланып жатат. (ErN)