Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Торугарт көзөмөл бекети

15-21-февралда Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы Торугарт, Эркечтам көзөмөл бекеттери жабык болот. Бул күндөрү Кытайда Жаңы жыл майрамы белгиленет.

Эркечтам көзөмөл бекети 14-февралда саат 22.00гө чейин адамдарды жана транспортторду өткөрөт.(BkA)