15-февраль - советтик аскерлер Ооганстандан чыгарылган күн

Архивдик сүрөт.

Буга байланыштуу бүгүн Кыргызстандын бардык шаарларында, район борборлорунда Ооган согушунда курман болгон кыргызстандыктарды эскерүү болуп, тирүү кайтып келген "ооганчы" ардагерлерге арналган иш-чаралар өтөт. Бишкектеги Ататүрк сейилбагында Ооган согушунда набыт болгондорго арналган эстеликтин жанында митинг-реквием уюштурулат. Бул тууралуу "Ооган согушунун ардагерлер кеңеши" "Азаттыкка" маалымдады.

Ооганстанга "интернационалдык кызматын өтөөгө" 7 миң кыргызстандык жоокер жөнөтүлгөн. Анын 249у курман болуп, 504ү жараат алган. Маалыматтарга ылайык, төртөөнүн али күнчө дайыны жок. (ZKo)