Парламент төрагасы Ысык-Көлдөгү майып балдардан кабар алды

Спикер ага-ини Изат менен Кубанычбекке планшет белек кылды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл дубанында жүргөндө Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын тургуну Султанбек кызы Мээримге материалдык жардам көрсөтүп, анын майып балдары Изат менен Кубанычбекке жолукту. Спикер ага-иниге планшет белек кылган. Андан тышкары, төрага ал үй-бүлөгө там салыш үчүн жер алып берүүгө жана балдарды дарылатууга көмөктөшүүгө убада берди. Жолугушууда спикер майып балдарды Интернеттен көрүп, анан келгенин айткан.

Ушул айдын башында "Азаттык" үналгысынын сайтына Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жашаган майып балдар жөнүндө "Чуркасак деп кыялданган ага-ини" деген видео баян жарыяланган. Анда Изат менен Кубанычбектин оор тагдыры, алардын үй-бүлөсү жөнүндө сөз болгон. (AsM)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чуркасак деп кыялданган ага-ини