Кабулда чет өлкөлүк аскерлердин кербенине чабуул коюлду

"Талибандын" жоочулары. 27-май, 2016-жыл.

Кабулда жанкечтинин жардыруусунан карапайым бир киши мүрт кетип, төртөө жарадар болду. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нажиб Даниш "Азаттыктын" ооган кызматына билдиргендей, дүрмөттөлгөн түзмөк чет өлкөлүк аскерлер машыгуу өткөргөн борбордун жанында жарылган.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким моюнга ала элек. Мындан эки күн мурун эле президент Ашраф Гани "Талибан" менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоону сунуш кылган. Талибдер жыл башынан бери башкалаада жасаган бир нече теракттарда, 100дөн көп киши өлгөн.