Студенттерди баккан жүрөк бизнеси

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эки-үч айдан бери кечинде Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө жүрөкчө түрүндө шар көтөргөн жаштар көбөйдү. Шар жүрөкчөлөр ары-бери баскандардын көңүлүн буруп, сатып алгандар да аз эмес. Бул студенттердин окуудан бош убактысында каражат табуу үчүн жасаган иши. Бирок каражат табууга аракеттенген жаштар коопсуздукка көңүл бурбаганы өкүндүрөт.