Венада белгисиз киши жолдон адамдарга бычак менен кол салган

Венадагы полиция (архив)

Австриялык маалымат каражаттарынын полицияга шилтеме берип, кол салган киши качып кеткенин жазышты.

7-мартта кечке жуук Венанын башка аймагында дагы бир киши бычакталган. Полиция азырынча эки окуянын байланышы тактала электигин маалымдоодо.

Учурда кол салган киши изделип жатат.