Кыргызстанда "кант диабети" диагнозу жылына орто эсеп менен беш миңдей кишиге алгач ирет коюлуп, алардын жалпы саны 2017-жылы 55 миңге жеткен.
Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан “Бөйрөк оорулары жана кант диабети” аттуу илимий-практикалык конференцияда айтылды.
Кант диабетине чалдыккандардын жарымынан көбү аялдар болууда. Кыргызстанда бул дарттын ар кайсы тиби менен 356 наристе каттоодо турат. (BCh)