Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоочулар менен жолугушат

Жогорку Кеңеш.

Парламент депутаттары 18-марттан 24-мартка чейин өлкө аймактарын кыдырып, шайлоочулары менен жолугушмакчы. Мындай чечим 15-мартта парламенттин отурумунда кабыл алынды. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун бир жуманы шайлоочулар менен жолугушууларга арноо жөнүндө сунушун эл өкүлдөрү бир добуштан колдоого алышты.

16-март күнү Жогорку Кеңештеги фракциялар өз отурумдарын өткөрүшөт.(ZKo)