Парламенттеги КСДП фракциясынын бүгүнкү жыйынында Кыргызстандагы кылмыштуулук менен күрөш жана бизнестин коопсуздугун камсыз кылуу маселеси талкууланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жыйынга вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев, ички иштер министри Улан Исраилов, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев, башкы прокурор Индира Жолдубаева баштаган укук коргоо органдарынын жана башка мекемелердин жетекчилери чакырылган. (NT)