Заманбап драмалык чыгармаларга сынак жарыяланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги заманбап драмалык чыгармаларга сынак жарыялады. Максаты - улуттук драматургиянын өнүгүүсүнө шарт түзүү, театрлардын репертуарын байытууга көмөктөшүү жана азыркы замандын курч көйгөйлөрүн, каармандарын, жаңы образдарды жаратуу.

Министрликтин өкүлү Дамира Алышбаеванын пикиринде, көрүүчү сахнадан өзүн же өзүнө тааныш образды тапканда гана ага болгон кызыгуусу артат:

- Бир жагынан бул жаш драматургдардын атын аныктоо. Экинчи жагынан, азыр кыргыз эли туш болуп турган көйгөлөр чагылдырылса дейбиз. Мисалы, жаштардын жашоого болгон көз карашы, айыл жериндеги социалдык маселелер.

Алышбаеванын айтымында, сынакка катыша турган драматургдардан кыргыз турмушундагы миграция, ишкердик, эски менен жаңынын кагылышы, ата-бала, үй-бүлө мамилелери сыяктуу жаңы кубулуштарды ар тараптан ачып көрсөтүү талап кылынат. Бул эрежелер конкурстун жол-жобосунда белгиленген.

Сынакка чыгармалар 10-марттан 30-октябрга чейин кабыл алынат. Байге фонду 1 миллион сом. (ZA)