Түрк аскерлери кирген Африндеги жарылуудан он бир адам өлдү

Түркия колдогон "Эркин Сирия армиясынын" согушкерлери Афринге кирген учур. 18-март, 2018-жыл.

Бул тууралуу Түркиянын мамлекеттик “Анадолу” маалымат агенттиги кабарлады. Жаңылыкка караганда, өткөн түнү Африндеги төрт кабаттуу имараттагы жарылуудан жети жайкын тургундун жана Эркин Сирия армиясындагы төрт согушкердин өмүрү кыйылган.

Сириянын түндүк-батышында жайгашкан, буга чейин күрт кошуундары көзөмөлдөгөн Африн шаарчасына түрк аскерлери киргенин президент Режеп Тайып Эрдоган 18-мартта жарыялаган.

Алар менен кошо бул шаарчага Сириянын Түркия колдогон козголоңчул топторунун согушкерлери да келген. Ошол эле учурда аймактан соңку күндөрү миңдеген жергиликтүү тургундар качууга да аргасыз болгон. Түркия Сириянын Африн чөлкөмүндөгү күрт кошуундарына каршы аскердик операцияны мындан эки айча мурда баштаган.

Сириялык күрттөрдүн “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө АКШга башкы өнөктөш болгон YPG күчтөрүТүркия “террорчул топ” деп эсептөөдө. (UE)