Бишкек шаарына борбордук системадан жылуулук берүү 22-мартта токтотулат. Мэр Албек Ибраимов бул тууралуу буйрукка кол койгону бүгүн кабарланды.
Эреже боюнча жылуулук беш сутка бою катары менен тыштагы абанын температурасы +8 градустан жогору болуп турса токтойт. Бишкекте Борбордук жылуулук жана электр борборунан турак үйлөр менен мекемелерди жылытуу былтыр 17-октябрда башталган.
Быйыл 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборундагы суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген жок. Бул кырдаал жарым жыл мурда модернизацияланган Жылуулук электр борборуна карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген ири суммадагы каражаттын максаттуу сарпталганы жөнүндө суроо жараткан. (RK)