Жээнбеков бак-дарактарды кыюу себебин түшүндүрүүнү тапшырды

Сооронбай Жээнбеков менен Албек Ибраимов ишембиликте. 24-март, 2018-жыл. Бишкек.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана  Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов бүгүн Чыңгыз Айтматов атындагы Эмен багында ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. 

Жээнбеков Албек Ибраимовго кайрылып, шаарда бак-дарактарды кыюу себептерин,  жолдорду кеңейтүү же объекттерди куруу максатындабы, баарын шаар тургундарына алдын ала түшүндүрүү керектигин белгиледи. 

- Ар кандай сөздөр чыгышына жол бербөө үчүн элге туура маалымат жеткирип тургула. Борбор калааны жашылдандыруу боюнча пландуу жумушту улантуу зарыл. Бишкек өзүнүн жашыл келбетин сактап калышы керек, - деди ал. 

Албек Ибраимов бак-дарактарды кыюу аргасыз чара экенин, бирок кыйылган бир бактын ордуна өткөн жылы жети, быйыл он беш көчөт отургузулганын маалымдады. (NT)

Бишкек: президент катышкан ишембилик