Бишкекте университеттердин жармаңкеси өтөт

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети.

Бишкекте университеттердин IV жармаңкеси 14-апрелде Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик архитектура жана курулуш университетинде белгиленген. 

Иш-чараны Global Shapers Community уюму Билим берүү жана илим министрлигинин көмөгү менен уюштурууда. 

Жармаңкени уюштуруунун максаты 9-11-класстардын окуучуларына кесип тандоого көмөктөшүүнү көздөйт. 

Быйыл жармаңкеге 8 миңден ашык окуучу чакырылып, аларга 25 жогорку окуу жайлары жана Бишкектеги он бештен ашык билим борборлору тууралуу маалымат берилет. Иш-чарага кирүү акысыз. 

Өткөн жылы университеттердин жармаңкесине 5 миңден ашык окуучу, 25 жогорку окуу жайы катышкан. (NT)