Жээнбеков менен Атамбаевдин жолугушуусунун чоо-жайы айтыла элек

Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков. Жээнбеков ант берип, президенттик кызматка киришип жаткандагы сүрөт. 24-ноябрь, 2017-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков 28-мартта мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Бул тууралуу Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева "Азаттыкка" билдирди.

Стамалиева жолугушуунун чоо-жайын толук айткан жок, бирок буга чейин да экөө кезигишкенин кошумчалады. 

Бийликтеги Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) курултайы быйыл 31-мартка белгиленген. Анда партиянын төрагасы бекитилмекчи. Ошондой эле Атамбаевдин кийинки саясий кадамдары аныкталары тууралуу сөздөр айтылып келет. Буга чейин КСДПнын курултайы бир канча жолу жылдырылган.