Орусия Вашингтонду "спортчуларга виза бербей жатат" деп айыптады

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтонду "орусиялык балбандарды мелдешке катыштырбай коюуга аракет кылып жатат" деп айыптады. 28-марттагы билдирүүдө АКШнын Москвадагы элчилиги Күрөш боюнча дүйнө кубогунун алдында Орусиянын командасын виза берүү үчүн интервьюдан өткөрбөй койгону айтылат. Турнир 5-9-апрель күндөрү Айова штатында өткмөкчү.

Тышкы саясий мекеменин басма сөз катчысы Мария Захарова виза берүүдөн баш тартуу Орусияга каршы “ачык жана түздөн-түз дискриминацияны” көргөзөөрүн айтты. Анын маалыматы боюнча, элчилик виза иштерин бүтүрүүгө кызматкерлери жетишсиз болгонун эскерткен. Былтыр Орусия Вашингтондун кадамына жооп кайтарып, америкалык дипломатиялык миссиянын мүчөлөрүн кескин азайтууга буйрук берген.