Өкмөт башчысы Сапар Исаков КСДП съездинин түштөн кийинки бөлүгүнө келип, делегаттар менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Урмат Кабылова “Азаттыкка” билдирди.
Бүгүн, 31-мартта Бишкектеги “Орион” мейманканасында КСДП партиясынын съезди өтүп, экс-президент Алмазбек Атамбаев партия төрагасы болуп шайланды. Съездге 190 делегат чакырылганы айтылган. Атамбаев жыйындан соң журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Премьер-министр Сапар Исаков КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү.(UEz)