Бишкекте тойдо 38 киши ууланды

Иллюстрациялык сүрөт.

1-апрелде Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар клиникасына ресторандардын биринде ууланган 38 киши түшкөн. Алардын жетөө балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык кызмат иликтөө баштады. Ош, Ысык-Көл, Нарындан 190 киши ресторанга тойго келип, алардын 38и ууланган. Бейтаптардан керектүү анализдер алынып, ресторанды текшерүү иштери жүрүүдө.

Буга чейин Кыргызстанда тойго келип, ууланган учурлар катталган. (BCh)