Буюклянов: Тойго баргандар тоок этине ууланган

Тоок эти.

Бишкектеги “Ала-Тоо” ресторанындагылар тоок этине ууланган. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери Артур Буюклянов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, тойго катышкан 190 адамдын 41и ууланган, алардын жетөө балдар.

- Уулангандардын абалы орто. Арасында жеңил жабыркагандар да бар. Учурда “Ала-Тоо” ресторанын текшерип жатабыз. Тамак-аш калдыктарын алдык. Баштапкы териштирүү боюнча адамдар тоок этине уланган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ресторанга чара көрүлөт, - деди Буюклянов.

Буга чейин уулангандардын саны 52ге жеткенин республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башчысы Гүлжигит Аалиев "Азаттыкка" кабарлаган болчу.

31-мартта борбор калаадагы “Ала-Тоо” ресторанында Ош, Ысык-Көл, Нарындан келген 190 адам катышкан үйлөнүү той өткөн. Ресторандын ээлери "текшерүү бүткөнчө түшүндүрмө берилбейт" деп билдиришти

Коомдук тамактануучу жайлардан адамдар ууланган учурлар буга чейин да бир нече ирет катталган. (UEz)