Өзбекстандан Римге учак каттайт

"Өзбекстан аба жолдорунун" учактары.

"Өзбекстан аба жолдору" авиакомпаниясы 10-апрелден тартып Үргөнч-Рим багытында учак каттамын жүргүзө баштайт. Италиянын баш калаасындагы Леонардо да Винчи атындагы эл аралык аэропортто өзбек авиакомпаниясынын өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы расмий булактарга таянып билдирди. 

2010-жылы да Римден Үргөнчкө учак каттап, кийин токтогон эле. Бул шаар Хорезм облусунда. 

Өзбекстандан Европанын онго жакын шаарына, АКШга, Түркияга жана КМШ мамлекеттерине түз аба каттамдары бар.