Абу Бакр ал-Багдади Иракта экени кабарланды

Абу-Бакр ал-Багдади.

Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Игорь Костюков "Ислам мамлекети" террордук тобунун лидери Абу Бакр ал-Багдади Иракта жашынып жүргөнүн билдирди. "Интерфакс" агенттиги менен болгон маегинде ал:

- Чындыкка жакын божомолго караганда, Багдади Иракта. Анын Сирияда жүрүшү мүмкүн эмес. Азырынча кайсы жерде экенин анык билбейбиз, - деди. 

Костюков көпчүлүк мамлекеттердин атайын кызматтары Багдадинин изин табуу менен алектенип жатканын кошумчалады. 

Буга чейин Абу Бакр ал-Багдади өлтүрүлгөнү тууралуу бир канча маалыматтар чыгып, ырасталган эмес. 

Соңку жылдары "Ислам мамлекети" террордук тобу ар кайсы мамлекеттерде уюштурган теракттардан жүздөгөн кишилер курман болду.