Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Токтосун Сабыров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары даражасындагы 9-кызматынын зардалы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
9-кызматтын мурдагы зардалы, ага чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болгон Дамир Мусакеев 4-апрелде өз арызынын негизинде кызматтан кеткен.
УКМКнын 9-кызматы мамлекеттин биринчи адамдарынын коопсуздугун камсыз кылат жана стратегиялык объекттерди кайтарат. (КЕ)