БШК депутат Асылбек уулунун мандатын алуу маселесин карайт

Дамирбек Асылбек уулу.

Борбордук шайлоо комиссиясына парламент депутаты Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы бар экендигин тастыктаган документтер келип түштү. Бул тууралуу "Азаттыкка" БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов билдирди.

Анын айтымында, комиссия бул маселени бүгүн түшкү саат экидеги отурумунда карайт. Бегматовдун маалыматы боюнча, Дамирбек Асылбек уулунун ордуна "Кыргызстан" партиясынын тизмесиндеги Руслан Чойбеков депутат болуп келиши мүмкүн.

Быйыл 15-16-февралда Казакстанда аткезчилик боюнча шектүү катары 29 киши кармалган. Алардын арасында Кыргызстандын үч жараны, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган. Депутаттын атасы уулу Кыргызстандын жараны болгонун, Каракол шаарында туулуп-өскөнүн "Азаттыкка" билдирген.

Айрым маалымат каражаттары кыргызстандык депутатты "Кытайдан Казакстанга жана Орусияга аткезчилик менен жүк ташыган кылмыш тобунун башчысы" деп жазып чыгышкан. (ErN)