Жалал-Абадда кудукка түшүп кеткен окуучу куткарылды

Өспүрүмдү куткаруу учуру.

Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндө мектеп балдары ойноп жатып, жолдун боюнда жайгашкан дөңчөнүн кудугуна түшүп кеткен. 

Түшүп кеткен мектеп окуучусун ӨКМдин №58 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары чыгарышып, баланы ата-энесине өткөрүп беришкен.

Министрликтен кабарлашкандай, бала эч кандай жаракат алган эмес. (ErN)