Бишкекте “Жаш таланттар-2018” сынагынын гала-концерти өтөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте искусство мектептеринде окуп жаткан балдардын “Жаш таланттар-2018” сынагы жыйынтыкталат.

Эң мыкты деп таанылгандар Улуттук опера жана балет театрында вокалдык-хор музыкасынын гала-концертин өткөрүшөт.

Балдар арасындагы бул өнөр таймашынын максаты – жаңыдан чыгып келаткан таланттарды таап, алардын чыгармачылыгына колдоо көрсөтүү, эстетикалык табитти калыптандыруу.

Жеңүүчүлөр дипломдор жана грамоталар, мэрия бөлгөн акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. (RK)