Алтынай Өмүрбекованын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду

Алтынай Өмүрбекова.

Борбордук шайлоо комиссиясы вице-премьерлик кызматка өткөн Алтынай Өмүрбекованын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мындай чечим 24-апрелде чыгарылды.

Буга чейин Жогорку Кеңеште "Республика - Ата Журт" фракциясынан депутат болгон Өмүрбекованын ордуна Сагындык Келдибаев келди.

20-апрелде премьер-министр Маухаммедкалый Абылгазиев башында турган кыргыз өкмөтүнүн жаңы курамы дайындалган. Алтынай Өмүрбекова социалдык багытта вице-премьер-министр кызматына киришкен. (SE)