Спикер: парламенттин бюджетинен 30 миллион сом үнөмдөлдү

Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш 2017-жылга бекитилген бюджеттен 30 миллион сом үнөмдөдү. Бул тууралуу спикер Дастан Жумабеков 24-апрелде журналисттер менен бейформал жолугушкан кезде билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин 2017-жылдагы бюджети 790 миллион сомдун тегерегинде бекитилген. Чыгаша 760 миллион сомду түздү. 

Жумабеков үнөмдөлгөн каражат парламенттин ишмердигин өнүктүрүүгө, мыйзам чыгаруу ишин жакшыртып, аткарылышын көзөмөлдөөгө коротуларын кошумчалады. (KJ)