Өзбекстан ТАПИ газ куурунун курулушуна катышат

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Хорезм аймагында жолугушту, 24-апрель, 2018-жыл President Gurbanguly Berdymukhammedov )L) and his Uzbek counterpart Shavkat Mirziyoev visit Uzbekistan's western region of Khorezm neighboring with Turkmenistan, April 24, 2018

Өзбекстандын ТАПИ - Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия - трансулуттук газ куурунун курулуш долбооруна катышуу ниети бар. Бул тууралуу 23-апрелде өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Ташкентте Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухаммедов менен жолугушкандан кийин билдирди.

Эки лидердин жолугушуусунан кийин өзбек тарап атайын жумушчу топ түзүп, бул багытта иш баштоого даяр экени кабарланды. Буга чейин Бердымухамедов газ куурун тартуу үчүн Өзбекстандан материалдык жана моралдык колдоо сурай турганы айтылып жаткан.

Борбор менен Түштүк Азияны туташтыруучу ТАПИ газ куурунун узундугу долбоор боюнча 1800 чакырымды түзөт. Ал толук кубаттуулукта иштегенде Түркмөнстандан жылына Ооганстан, Пакистан, Индия бөлүп ала турган 33 миллиард метр куб газды ташып тураары пландалган. Куурду төшөөнүн жалпы наркы 10 миллиард доллар деп эсептелүүдө.