Ошто “Шайыр апалар” теледолбоорунун гала-концерти өтүп жатат

"Шайыр апалар" сынагынын гала-концертинин катышуучулары. 2-май, 2018-жыл. Ош шаары.

Ошто “Шайыр апалар” теледолбоорунун жеңүүчүлөрүнүн гала-концерти өтүп жатат. Долбоор жетекчиси Назира Аалы кызы “Азаттыкка” билдиргендей, буга чейинки сынактарда биринчи орунга Токтогул районунан “Нуска” тобу жана Кочкор районунан "Шаттык" тобу, 2-орунга Жумгалдан “Мыскал” тобу жана Алайдан “Алай канышалары” тобу, 3-орунга Бишкек шаарынын “Өзгөчөм” жана Түп районунан “Балбайдын келиндери” тобу ээ болушту.

Президент Сооронбай Жээнбековдун 100 000 сом баш байгесин Ысык-Көл облусунан “Көл ажары” шайыр апалар тобу алышты. Долбоордун жыйынтыктоочу бөлүгү Ошто үч күндөн бери өтүп жатат. Долбоорго өлкө аймагынан жалпы 24 шайыр апалар тобу катышкан. (MdN)