ЖЭБ боюнча комиссия корутундусун кайра карайт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкек Жылуулук борбору боюнча депутаттык комиссия бардык мүчөлөрдүн сунуштарын корутундуга кошмой болду. Мындай чечим комиссиянын бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Буга чейин депутаттык комиссиянын эки мүчөсү иликтөө корутундусуна кол коюудан баш тарткан эле. Алар корутундуда Жылуулук борборундагы кырсык жана аны оңдоого бөлүнгөн 386 миллион доллардын сарамжалсыз пайдаланышы боюнча жоопкерчиликтүү айрым адамдар тизмеге киргизилбей калганын билдиришкен.