Быйыл орозо 17-майда башталат

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл Рамазан айы 17-майда башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси, муфтий Максатбек ажы Токтомушев билдирди. Мындай чечим 11-майда Аалымдар кеңешинин жыйынында кабыл алынды. 

Бир жылда отуз күн орозо кармоо, тагыраак айтканда, күн бою наар тартпай жүрүү - ислам дининдеги негизги беш парздын бири.

Рамазан айы айт майрамы менен жыйынтыкталат. (SE)