Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыкты. Үч сааттай атайын кызматтын имаратында болгон Исаков журналисттерге "тергөөнүн купуялуулугу үчүн" маалымат бере албасын айтты. Ал 14:30да УКМКга кайра барарын кошумчалады.
УКМКга кирип баратып Сапар Исаков экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын командасы таза иштегенин, "Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөгө байланышы бар" деген адамдардын аты-жөнү толук айтылбай, саясат болуп жатканын билдирген.
Сапар Исаков атайын кызматка алгач 26-апрелде сурак берген. Эки сааттан кийин УКМКнын имаратынан чыккан Исаков журналисттерге ЖЭБди оңдоп-түзөөгө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары суралганын айткан.
10-майда Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого Кытай берген 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулаган. Анда мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев жана Сапар Исаков баш болгон 30дай кишинин аты жазылып, саясий баа берүү жана алардын жоопкерчилигин кароо тууралуу сунуш айтылган.
КСДП партиясы 11-майда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ЖЭБге байланышкан комментарийин тараткан. Анда Исаков "парламенттеги талкуу - элди адаштыруу жана ЖЭБдеги авариянын чыныгы күнөөкөрлөрүнүн жоопкерчиликтен качуу аракети" деп билдирген. Мындан тышкары ал быйыл январдагы авария үчүн ЖЭБдин ошол кездеги директору Нурлан Өмүркул уулунан тартып мурдагы өкмөт башчы, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана өзү да жооптуу экенин белгилеген. (КЕ/ЕВМ)