ЖЭБ чуусу: 386 млн. долларлык насыя жалпысынан 493 млн. болуп төлөнөт (видео)

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдош үчүн Кытайдын "Эксимбанкынан" алынган 386 миллион доллар насыя үстөк пайызы менен 493 миллион доллар болуп төлөнөт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында мурдагы финансы министри Ольга Лаврова билдирди.

Анын айтымында, насыя 20 жыл аралыгында төлөнүп бүтүшү керек жана төлөөнүн эң көп көлөмү 2023-2024 жылдарга туура келет.

Ал эми финансы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков азыркы учурга чейин бул насыя боюнча 19 миллион доллар төлөнгөнүн билдирди.

Бул маселени көтөргөн “Бир Бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров Кытайдан алынган 386 миллион доллардын айланасында сөз кылуу туура эмес экенин айтып, андан көрө бул карызды төлөөнүн жолдорун ойлонууну сунуш кылды. (BkA)