Пара менен кармалган Чалбаевдин ордуна Токтакунов дайындалды

Кыргыз Республикасынын прокурорлору.

Башкы прокуратуранын соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы болуп буга чейин Кадамжай районунун прокурору болуп иштеген Кумарбек Токтакунов дайындалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратуранын маалымат бөлүмүнүн өкүлү Алмамбет Абдраманов кабарлады.

Аталган кызматты мурда ээлеп келген прокурор Улан Чалбаев 2018-жылдын 16-апрелинде 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганы кабарланган. УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов "Азаттыкка" кабарлагандай Улан Чалбаев учурда атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайында олтурат. Пара алуу боюнча тергөө иштери уланууда.

Азыр Баткен облусунун Кадамжай районуна прокурор дайындала элек. (KR)