Исаков: ЖЭБ чуусу боюнча корутундуга Жээнбековду да кошо жазыш керек (видео)

Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 8-февраль, 2018-жыл.

Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна бардык ысымдар жазылышы керек. Бул тууралуу парламенттин жыйынында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Искендер Гаипкуловдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Исаков бул корутундуга азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун аты да жазылышы керек деп эсептейт.

- Корутунду акыйкат болушу үчүн Сооронбай Жээнбековдун ысымы киргизилип, бардык тиешелүү адамдар аталышы керек, - деди Исаков.

Парламент бүгүнкү сессияда Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияны жана аны модернизациялоого кеткен Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун укту. Жыйында “Республика - Ата Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов "Исаков депутаттардын дарегине айткан сыны үчүн кечирим сурашы керектигин" билдирген.

Сапар Исаков буга жооп кайтарып, "парламент саясий өлүккө айланды" деген билдирүүсү үчүн депутаттардан кечирим суроодон баш тарткан.

“Мен 120 депутатты “саясий өлүк” деп айткан жокмун. "Парламент" деп айткам. Экинчиден, ал учурда сиз оппозицияда болчусуз жана бул сөздүн сизге тиешеси жок”,- деп жооп берген. (BkA)