Малайзияда Анвар Ибрагим боштондукка чыкты

Абактан бошогон Анвар Ибрагимдин жубайы Ван Азиза Ван Исмаил жана премьер-министр Махатхир Мохамад шайлоодо уткандан кийин.

Малайзиянын мурдагы вице-премьер-министри Анвар Ибрагим падышанын ырайымы менен шаршембиде эркиндикке чыкты.

Соңку күндөрү ал саламаттыгына байланыштуу ооруканада жаткан. Ал боштондукка чыгары менен жаңы шайланган премьер-министр Махатхир Мохамад менен жолукканы кабарланды.

9-майдагы шайлоонун алдында Махатхир өзүнүн саясий каршылашы болуп эсептелген Анвар Ибрагим менен элдешкен. Анвардын жубайы Ван Азиза Ван Исмаил шайлоодо Махатхир менен бирге чыккан жана ал уткандан кийин вице-премьер-министрлик кызматка дайындалган.

Жеңиштен кийинки алгачкы билдирүүсүндө 92 жаштагы Махатхир өкмөттү эки жыл башкарып, андан соң бул кызматты Анвар Ибрагимге өткөрүп берерин билдирди.

90-жылдары "Махатхирдин мураскери болот" деп болжолдонгон Анвар вице-премьерлик кызматтан алынып, камалган. Ал жемкорлукка байланыштуу айыпталган.

9-майда өткөн парламенттик шайлоодо ардагер саясатчы Махатхир Мохамад жетектеген оппозициялык блок парламенттеги 222 орундун 113 мандатын алган. Ал эми азыр бийликте турган башкаруучу партияга болгону 79 орун тийди.