Кыргыз-орус өкмөттөрүнүн миграция жаатында өз ара өкүлчүлүк ачуу келишими ратификацияланды

Сузакта мигрант жаштар айылына спорт зал куруп беришти. 2018.

Кыргызстан менен Орусия өкмөттөрүнүн ортосундагы миграция чөйрөсүндөгү тийешелүү органдардын өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Аталган макулдашуу тууралуу мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков 19-майда кол койду.

Макулдашууга эки өлкөнүн өкмөттөрү 2017-жылдын 20-июнунда кол койгон. Макулдашуунун негизги максаты кыргыз-орус өкмөттөрү бири-биринин аймагында миграция чөйрөсүндөгү кесипкөй органдарын ачуусуна жетишүү болуп саналат.

Андан тышкары Макулдашуу өкүлчүлүктөрдүн өз ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча мигрант ж.б. адамдарды кабыл алууларын, кишилер байырлаган мамлекет менен өз өлкөсү үчүн миграция чөйрөсүндөгү эки тараптуу жана эл аралык келишимдерди иштеп чыгууга, макулдашууга жана жүзөгө ашырууга катышуусун, зарыл учурда алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз мамлекеттеринин жарандарынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоосун көздөйт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.(UEz)