Бишкекте билим фестивалы өттү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бүгүн "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фонду уюштурган Билим фестивалы өттү. Фестивалда билим берүүгө байланыштуу ар кандай программалар болду. Билим берүү жарманкесине жалпысынан 56 уюм катышты.

Фестивалда дүйнө элдеринин ашканасы жарманкеси да болуп, маданий ар түрдүүлүккө басым жасалды.

Фестивалдын алгачкы бөлүгү 20-апрелде Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде өткөн. Фестиваль ушуну менен алтынчы жолу өтүп жатат.