“Талибан” Кабулдун тургундарына ири чабуулдар болоорун эскертти

Кабул шаары.

Ооганстандын борборунда ири чабуулдарды коюуга убада берген “Талибан” кыймылы Кабулдун тургундарына “аскердик борборлордон” алыс болуу зарыл экенин эскертти. 21-майда жарыяланган билдирүүдө согушкерлер “аскерлерге жана душмандын чалгын борборлоруна” урула турган соккулар алардын жазгы чабуулунун бир бөлүгү экени айтылат.

Ооан бийлигинин тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо тууралуу февралдагы сунушунан баш тарткан талибдер кийинки убакта чабуулдарын күчөттү. Акыркы айларда “Талибан” жана экстремисттик “Ислам мамлекети” тобунун Ооганстандагы канаты Кабулда ири чабуулдарды уюштура баштады.

30-апрелде "Ислам мамлекети" тобунун жанкечтиси жасаган кош теракттан 30 киши, анын ичинде тогуз журналист набыт кеткен. Алардын арасында «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын ооган кызматынын эки кызматкери жана бир стажеру болгон.